Жергиликтүү дыйкан Нулифар Бобоева. Архив

Багбан: Россияга ташып кеткен соодагер аз, Баткенде жашылча-жемиш абдан арзан

138
(жаңыланган 14:18 25.08.2016)
Учурда Баткендин атактуу өрүгү даярдалып кургатылгандан кийин килосу 150-200 сомдон соодаланып жатат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү дыйкан Нулифар Бобоева айтып берди.

  • Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда.
    Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда.
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган.
    Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган.
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.
    Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.
    © Фото / Улан Маккамбаев
  • Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.
    Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.
    © Фото / Улан Маккамбаев
1 / 4
© Фото / Улан Маккамбаев
Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда.

Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган. Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат.

Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.

"Россияга ташып кетүүчү соодагерлер аз келгендиктен, быйыл өстүрүп алган мөмө-жемиштерибизди эки эсе арзан сатууга туура келип жатат. Маселен, былтыр шабдаалынын килограммын дүңүнөн 30 сомдон сатсак, быйыл араң 10-15 сомго жетти", — деди Бобоева.

Былтыр килограммы 300-500 сомдон сатылып келген Баткендин атактуу өрүгү килосу учурда 150-200 сомдон соодаланып жатат.

Ал калган жер-жемиштердин быйылкы наркы да ушундай эле абалда экендигин кошумчалады. 

138
Белгилер:
мөмө-жемиштер, дыйкан, өрүк, Кадамжай, Баткен
Тема боюнча
Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты