Мамлекеттик ИДП былтыркы жылдын жети айына салыштырмалуу 0,4 пайызга өстү

Жазылуу
2016-жылдын январь-август айынын ичиндеги ИДПнын көлөмү 260 миллиард сомду түздү.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Алдын ала эсептөөлөр боюнча үстүбүздөгү жылдын башынан август айына чейинки аралыкта мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү былтыркы жылдын август айына чейинки убакытка салыштырмалуу 0,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу Мамлекеттик статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда 2016-жылдын январь-август айынын ичиндеги ИДПнын көлөмү 260 миллиард сомду түзгөн.

"Бул былтыркы жылдын январь-август айына салыштырмалуу 0,4 пайызга көп дегенди билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми "Кумтөр" кенин эске албаганда ИДПнын үстүбүздөгү жылдын январь-август аралыгындагы көлөмү 241 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0