Улуттук банк шаршемби күнү 6,8 млн. доллар сатып алды

Жазылуу
Жыл башынан бери өлкөнүн башкы банкы 182 миллионго чукул доллар сатып алган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Улуттук банк шаршемби күнү валюта базарынан 6,8 миллион доллар сатып алганын расмий сайтына жарыялады.

Үй куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай болот? Эксперттердин божомолу
Доллардын расмий курсу шаршембиге салыштырмалуу 25 тыйынга арзандап, 15-сентябрга карата 68,7 сомду түздү. 

Жыл башынан бери башкы банк 118,13 миллион доллар сатса, 181,8 миллион доллар сатып алган. 

Улуттук банк интервенцияларды ар кыл себептер менен, анын ичинде валюта курсунун туруктуулугун кармап туруу үчүн ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0