Суюлтулган газдын кымбатташы айдоочуларды түйшөлтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобилдик газ сатуу жайынын архивдик сүрөтү
Автомобилдик газ сатуу жайынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунааларга куюлуучу газдын баасы бир жуманын ичинде эле 18,5 сомдон 22,5 сомго чейин өсүп кеткен. Sputnik Кыргызстан аталган маселени иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Суюлтулган газдын баасы сентябрдын башынан бери эки сомго өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Унаасына газ куюп, колдонуп жүргөн Mitsubishi Pajero ээси Ильяс аттуу тургун газдын баасы эмне себептен жогорулап кеткендигин сурап, бизге WhatsApp-канал аркылуу кайрылган. 

Ал июнь, июль, август айларында 19,5 сомдон сатылып жаткан автоунаа газы сентябрдан баштап көтөрүлө баштагандыгын жазган.

"Сентябрдын башында газ 21,5 сомго көтөрүлдү. Андан кийин 15-сентябрдан баштап 22,5 сомго чыкты. Себеби эмне экендигин кантип билсек болот?" — деп кайрылган Бишкектин тургуну.

Sputnik Кыргызстанга маалымат берген Кулов продукциянын бул түрү коңшу өлкөлөрдөн импорттолорун жана кийинки баа келерки айда белгилүү болорун айтты. 

"Унааларга куюлуучу газ бизге Россия жана Казакстандан ташылып келет. Казактарда суроо-талаптын көптүгүнөн газга болгон тартыштык пайда болуп, бааны көтөрүп жатышат. Бир жуманын ичинде 4 сомго көтөрүлгөн жок. Сентябрдын башынан бери Кыргызстанда ашып кетсе унаа газына болгон баа 2 сомго көбөйдү. Ал эми келерки айдагы баага божомолду октябрдын башында айта алабыз", — деди Кулов. 

WhatsApp-канал аркылуу кайрылган окурман Бишкектеги автоунаа ээлери газдын баасы бензиндин баасына теңелгени калды деген тейде нааразы болуп жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0