Валютанын күзгү арзандоосуна сом туруштук бере алабы? 5 пикир

© Sputnik / Табылды КадырбековБеш долларлык жана миң сомдук валюта
Беш долларлык жана миң сомдук валюта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар эксперттер жакынкы арада теңге менен рубль долларга карата кунун такыр жоготот деп кооптонот. Мындай кырдаалда сом өзүнүн мурунку деңгээлдеги наркын сактап калабы же биздин улуттук валютанын буга даремети жетпейби, бул туурасында ата мекендик экономисттер айтып беришти.

Торт кесүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маморгандардын акчасы 14 млрд. сомго кыскарат: кимдин чыгымы кандай кесилет
Күзгү жалбырактын күбүлүшү менен айрым эксперттер мунайдын да баасы түшөт деп күтүүдө. "Вести Экономика" порталы билдиргендей, ОПЕК мамлекеттери менен Россия үчүн көмүр суутегинин баасы боюнча келишүү кыйын. Атап айтканда, Ирандын мунай министри Биджан Намдар Зангане өз өлкөсү мунайды өндүрүүнү токтотпой турганын жана учурда Алжирде жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө мунайдын ири өндүрүүчүлөрү менен макулдашуу ою жок экенин билдирди. 

Ошол эле учурда мунайдын баасы төмөндөп, Brent маркасындагы күйүүчү заттын бир барели 2 пайызга, тагыраак айтканда, 46,39 долларга чейин арзандады. Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы дагы түшө берсе, аны экспорттогон өлкөлөрдүн улуттук валютасы да кунун жоготот. Ал эми алардын катарына Казакстан менен Россия да кирет. Андай шартта КРдин улуттук валютасы өз ордун сактап калар-калбасын эксперттер калчап көрүштү. 

БГУнун менеджмент жана социалдык-маалымат технологиялар кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Кеңешбек Алимбеков 

Россия менен Казакстандагыдай девальвация бизде болбойт. А түгүл, көмүр суутегинин баасы төмөндөшү Кыргызстан үчүн пайдалуу да болушу ыктымал, себеби мунай менен газ бизге арзанга түшөт. 

Сомдун курсу долларга карата 70тин чегинде калат деп ойлойм. Доллардан арылуу аракеттеринен кийин америкалык валюта 10 сомго түшкөн. Мындан тышкары, жайында Кыргызстанга көп туристтер келип, алар менен кошо доллар да келген. Улуттук банк 175 миллион доллар сатып алганга жетишти. Эми кайсы бир кокустук болуп кетсе, сомду колдоо үчүн анын мүмкүнчүлүгү жетишерлик. Башкы банк курстун кескин өзгөрүшүнө жол бербейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономикалык эксперт Нургүл Акимова
Эксперт: пришло время хранить сбережения в нацвалюте - Sputnik Кыргызстан
Экономикалык эксперт Нургүл Акимова

Экономикалык эксперт Нургүл Акимова

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2017-жылдын бюджетинин долбоору: акча табуу, карызга алуу, насыя берүү
Рубль менен теңгенин төмөндөшү сомдун да кунун сөзсүз түшүрөт. Себеби Россия менен Казакстан — биздин башкы соода өнөктөштөрүбүз. Албетте, сомдун арзандашы улуттук акча менен маянасын алгандар үчүн ыңгайсыз. Ал эми андай адамдар элдин басымдуу бөлүгүн түзөт. Улуттук банк каалаган күндө да сомду кармап кала албайт, себеби бизде курс эркин өзгөрүп турат. Мындай аракеттер кымбатка турат, ал эми КРдин резервдери чектелүү. Экинчи жагынан, валюта такыр түшүп кете турган болсо, калк өз жоготууларынын ордун төлөп берүү маселесин козгоп чыгат. Мурунку жашоо деңгээлин сактай албай калган элдин арасында нааразылык жаралат, ал эми бюджетте компенсация төлөп бергенге акча жок. 

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев

Жакынкы арада АКШ компаниялары рублдун кунун түшүрүү жөнүндө токтомго кол коюшат. Кыязы, алар санкцияларды күчөтүп, рынокко чоң көлөмдөгү мунайды чыгарганы турат. Ошонун натыйжасында орус валютасы кунун жоготот деп болжолдоого болот. 

Даректүү интервенциялар сомду азыркы абалында сактай алат, бирок сом күчтүү болуп турган шартта рубль менен теңгенин девальвациясы биздин экспортчуларга пайда алып келбейт. Ата мекендик ишкердикке көмөк кылып, сомдун куну жай, салмактуу түшүшүн камсыз кылыш керек деп ойлойм. Башкысы, кескин өзгөрүштөргө жол бербөө зарыл. 

Профессор Айылчы Сарыбаев

Акча эсептөөчү машина. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк: сом менен акча салган аманатчылар көбөйдү
Улуттук банк бул процессти активдүү жөнгө салып турат. Адатта рубль менен теңгенин курсунун кескин солгундашы сомго чоң таасир этпейт. Эгер таптакыр эле күтпөгөн нерсе болуп кетсе, анда ошентиши мүмкүн. Азырынча бизде ресурс жетиштүү. 

Бул экспортчуларга катуу залака алып келет, бирок алар бизде аз гана санда, ал эми калганыбыз алты миллионбуз. Бизде жумушсуздар, жакырлар бар. Албетте, валюталык рынокту ишкерлер жабыркабагыдай жөнгө салыш керек, бирок калктын кызыкчылыктарын да эсепке алган туура. 

© Фото / Кубат Рахимов Экономист Кубат Рахимов
Экономист Кубат Рахимов - Sputnik Кыргызстан
Экономист Кубат Рахимов

Көз карандысыз экономист Кубат Рахимов 

Кыязы, азырынча сом учурдагы деңгээлинде кармалып турат. Жаман айтпай жакшы жок дейт, бирок ЕАЭБ өлкөлөрүнүн валюталары баарыбир кунун кескин жоготуп, анын артынан биздики да түшөт. Эгер азыркы насыя ээлери мамлекеттик карыз боюнча жол берилчү чекти көтөрүүгө (ИДӨдөн 60 пайыз) уруксат бербесе, техникалык дефолтко чейинки чараларды көрүүгө туура келет. Башкача айтканда, биз карыздарды төлөөнү токтотобуз. 

Үй куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай болот? Эксперттердин божомолу
Эгер казакстантыктар менен россиялыктар үчүн кыйын кырдаал жаралса, биз деле жыргап кетпейбиз. Валютанын курсун түшүрүүгө туура келет, бул насыя бергендер менен мамилелерди курчутат. Азыр бизди акча менен камсыз кылып жаткан өлкөлөрдүн көбү сомдун арзандашына каршы. Бул бизди аягандан эмес, карыз берген акчаларын алалбай калабыз деп коркушат. Алардын көйгөйү ошол. 

Алдын алуучу реформалар жүргүзүлбөсө, бизге чын эле ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдө түзүлгөн кырдаалдан да жаман болушу мүмкүн: эгер мунай, газ жана металлдар кокус дароо түшүп кете турган болсо, алар азык-түлүк жагынан ишеничтүү абалда. Россия азыр дүйнө боюнча буудай сатуучу өлкөлөрдүн эң алдында турат. Казакстан ун сатуучу алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирет, себеби ал жакта буудайдын жакшы сорттору өстүрүлөт; Италиянын көпчүлүк пиццериялары казак уну менен иштейт экен. 

Биздин болсо абалыбызды жеңилдете турган андай сарамжалыбыз жок: а түгүл, Кумтөр 2026-жылдан тарта өз кирешелүүлүгүн жоготот. Андыктан, бир жагынан, экономикадагы реформаларды тездетип, алыбызга жараша жашап, экинчи жагынан, органикалык айыл чарбасы болобу же туризмби, айтор, бир жактуу тармактар менен алдыга жылууга туура келет. Бул үчүн ички инвесторлор менен тил табыша билүү керек болот. Сырттан акча сурабаш үчүн, өз каражатыбыз менен артыкчылыктуу тармактарды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү кажет. Ошондо гана валюталык олку-солкулар биз үчүн коркунучтуу болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0