Чыгымдар өсүп, салыктар азайды. Кыргызстан кем-карчын эптей алабы?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары, архивдик сүрөт
АКШ долларлары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан берки сегиз айда өлкө боюнча 2 миллиарддай сом салык чогултулган эмес. Ал эми 2017-жылга карата бул көлөм 5-6 эсеге өсөт. Эмнеге мындай болуп калганын жанабул кырдаалдан өлкө кантип чыга турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бакыт Толканов билип көрдү.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү финансы министри Адылбек Касымалиев депутаттарга өлкө казынасынын азыркы абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, январь-август айларында миллиард сомдон ашык салык чогулбай калган. Министр мындай абалды былтыр 2014-жылга салыштырмалуу Кыргызстанга келген товарлардын кескин кыскарышы менен түшүндүрдү.

Мындай маалыматтарды уккан депутаттар бюджет боюнча кеңири жыйын өткөрүүнү чечип, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбековду да чакырууга ниеттенишүүдө. Алар эмнеге тынчсызданып жатканы түшүнүктүү. Сегиз айда мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 15 миллиард сомду түзгөн. Ал эми киреше 81,2 миллиард, чыгашал 96,1 миллиард сомду чапчыган. Демек, ар бир коротулган алты сом карызга же грант түрүндө алынган каражат болуп эсептелет.

Ким күнөөлүү?

Маселе Касымалиев айткандан да көйгөйлүү болуп чыкты. Мамлекеттик Салык кызматынын берген маалыматына ылайык, казынага 2,1 миллиард сом түшкөн эмес. Бул көрсөткүч Каржы министри айткандан эки эсе көп дегенди түшүндүрөт. 

Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө бир нече себеп бар экенин Салык кызматынан билдиришти. Импорттун азайганынан сырткары, экономиканын абалы сырттан келген каражатка терс таасирин тийгизген. Көрсөткүчтөр 2014-жылдан баштап түшө баштаган, 2016-жылдын август айынан баштап гана экономика бир аз өр алган.

Дагы бир себеп — айрым салыктардын кыскарышы

Беш долларлык жана миң сомдук валюта - Sputnik Кыргызстан
Валютанын күзгү арзандоосуна сом туруштук бере алабы? 5 пикир
"Салыктардын азайышына өлкөгө алып келинген товарлардын сатылышынан түшкөн салыктын алынышы, кошумча нарк салык коюмунун азайышы жана карта менен төлөөнү жоюп салуу таасир берген. Бирдиктүү салыктардын коюмдары эки эсе төмөндөтүлгөн", — деп Салык кызматынан түшүндүрүштү.

Алдын ала божомолдорго ылайык, жыл аягына чейин казынага 13,3 миллиард сом түшпөй калат.

Эмне кылуу керек?

Анткен менен салык кызматы абал өтө деле оор эмес экенин түшүндүрдү. 

"Айрым салыктардын жоюлушу менен көмүскөдөгү иштер ачыкка чыгат. Бул кадам экономиканын өсүшүнө өбөлгө болот", — деп билдирет МСК маалымат кызматы. 

Жанга Мамлекеттик бажы кызматы аралжы болууда. Быйыл бажы кызматынан 300 миллион сомго көп, тагыраагы январдан августка чейин 18,3 миллиард сом чогулган.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Казынаны толтурууга радио жыштыктарды ижарага берүү да жардам берет. Касымалиевдин билдиришинче аталган тармактан 800 миллион сом киреше кирет.

Маселени чечүү үчүн министрлик дагы бир сунушун киргизүүдө — 14 миллиард сомдук чыгымдарды азайтуу. Кыскартуулар пенсия, маяна жана жөлөк пулдарга киргизилбейт. Сунушка ылайык, жол жана иш сапарлардын чыгымдары кыскарат. 

Бюджет тууралуу мыйзам долбоору өкмөттөн колдоо таап, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0