Ноутбукта интернет колдонуу. Архив

Эгер Казакстан провайдерлери КР үчүн интернет баасын негизсиз көтөрсө, айып салынат

(жаңыланган 15:55 30.09.2016)
Кыргыз өкмөтү интернеттин тарифи эмнеге кымбаттаганына кызыгып, казак кесиптештерине кайрылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ЕЭКтин атаандаштык жана антимонополдук жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү (министри) Нурлан Алдабергеновду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы рыноктордун өз ара иштешүүсүнүн принциптери, анын катарында интернет тейлөөгө тарифтер боюнча маселе талкууланды. ЕЭК министри Алдабергенов маалымдагандай, комиссия кыргыз тараптын Казакстан провайдерлеринин интернеттин баасын жогорулатуусуна байланыштуу кайрылуусун кароодо.

Эгер бааларды негизсиз жогорулатуу аныкталса айып салынарын ал билдирди.

"Октябрдын биринчи декадасында Алматы шаарында эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана интернет провайдерлеринин катышуусунда жыйын өтөрүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Казаков интернеттин дүйнөлүк баалары да төмөндөп жатканын айтып, Россия деле казакстандык интернет провайдерлерге бааларды көтөрбөгөнүн кошумчалаган. Россиядан Казакстанга бир мегабит үчүн баа болжол менен 1-1,5 АКШ долларын түзөт.

Өкмөт башчы Жээнбеков интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрү үчүн интернет тейлөөгө карата макулдашкан баа болушу тийиш экенин билдирди.

"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы жалпыга бирдиктүү эреже сакталганда гана өнүгүүсү мүмкүн", – дейт өкмөт башчы. 

14-сентябрында Жээнбеков бул маселеге кайрылган. Ал Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршембиевге жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттиктин директору Болсунбек Казаковго тапшырма берген. Анда альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөр менен кызматташуу мүмкүндүгүн кароо аркылуу интернеттин баасына байланыштуу маселени чечүү процессин тездетүүнү айтылган.

Белгилер:
интернет, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик, Сооронбай Жээнбеков, Казакстан
Тема:
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)
Тема боюнча
Байланыш комитети Интернеттин кымбатташы боюнча Казакстандан түшүндүрмө талап кылат
Казакстандык операторлор 10 күн ичинде интернетке жаңы тариф сунуштайт
Акча каражаттары. Архив

Мөөнөтү өтүп кеткендер бар. Эл микрокредиттик компанияларга канча карыз

Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынан билдиришкендей, кыргызстандыктарга берилген кредиттин көлөмү 25 миллиард сомго жетет.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстанда чакан насыя берчү мекемелерден 260 миңден ашуун жаран карыз алган. Бул тууралуу Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынын расмий сайтында жазылган.

Маалымат үстүбүздөгү жылдын 21-январына карата берилген:

  • активдүү кардарлардын саны — 262,6 миң;
  • кредиттин орточо көлөмү — 91,7 миң сом;
  • кредиттик портфель (берилген насыялардын жалпы суммасы) — 24 миллиард 953,6 миллион сом.

Мунун ичинен 4,8 пайызы же 1,2 миллиард сому учурда тобокелдик тобуна кирген кардарлардын колунда. Тагыраак айтканда, төлөө мөөнөтүнөн (30 күндөн көбүрөөк) өткөрүп жибергендердин мойнундагы карыз.

Белгилей кетсек, жогоруда кеп банктар эмес, чакан насыя берчү уюмдар жөнүндө болду.

Белгилер:
экономика, акча, карыз, насыя, Кыргызстан
Тема боюнча
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
КРде микрокредит алгандардын саны дагы көбөйдү. Эл акчаны эмнеге жумшайт
Банк. Архив

Былтыр финансы секторуна эң көп кирешени банктар алып келди. Статистика

Өткөн жылы Кыргызстанда 23 коммерциялык банк, 600 финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана үч инвестициялык фонд иштеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. 2020-жылы экономиканын финансы секторунун кирешеси жалпысынан 53 миллиарддан ашык сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Пайданын басымдуу көлөмүн банктар (финансылык сектордун жалпы кирешесинин 78,2 пайызы) жана микрокредиттик уюмдар (18,2 пайыз) алып келген.

Жалпысынан алганда былтыр экономиканын финансы секторунда 642 уюм иштеген. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 600 финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана үч инвестициялык фонд бар. 

Белгилер:
киреше, банк, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
УКМК алты айда мамлекетке канча акча кайтарганын жарыялады
Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова. Архив

Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт

(жаңыланган 13:25 16.04.2021)
Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын колдонуп же коронавируска каршы дары катары жазып бере турган болсок, расмий медицина кыйроого учурарын айтат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгын коркунучка алып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова билдирди.

Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган чөптүн тундурмасын журналисттерге маалымат жыйынын берип жатып ичерин айткан.

"Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасын колдонуп же коронавируска каршы дары катары жазып бере турган болсок, расмий медицина кыйроого учурайт. Мен бул аракеттерди Кыргызстандын медицина тармагына чабуул катары баалайм. Бир эле учурда "Жарандардын саламаттыгы жөнүндө", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" бардык медициналык мыйзамдар бузулат. Бул медиктер коомчулугунун бетине түкүргөнгө барабар. Анда медициналык ЖОЖдор менен илимий борборлорду жаап салуу керек", — деди Барыктабасова.

Ал "Ысык-Көл тамыры" Дары-дармектер менен камсыздоо боюнча департаменттен каттоодон өтмөйүнчө мыйзамсыз болуп эсептелерин кошумчалады.

"Каттоодон өткөрөбүз десек, жаныбарлардын организминде сыноолор болгонбу же болгон жокпу деген суроо берилет. Эл арасында муну иттерди жана эчкилерди өлтүргөн чөп экенин баары билет. Бардык адамдар муну уу деп таанышат. Таңгагында толук нускамасы жазылышы керек, албетте азыр ал жок", — деди адис.

Барыктабасованын айтымында, "коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протоколго чет элдик адистер толгон-токой бизге белгисиз дарыларды кошууну сунуштаган. Бирок кыргыз медиктери ага каршы турушкан".

"Эми минтип өз министрибиз өлкөдөгү эң уулу көптү кошкусу келип жатат. Ансыз деле коронавирус организмди өтө ууландырган вирус. Биз анын үстүнө кошул-ташыл кылып салбайбызбы. "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгына коркунуч жаратат", — деди ал.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он-чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасындагы дарыгер
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.

Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.

 

 

Белгилер:
коргошун, коронавирус, уу, Бермет Барыктабасова