Жээнбеков: энергетикалык тармакты өнүктүрүү концепциясы – мезгил талабы

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган концепция иштелип чыкса жаңы подстанциялар ишке берилип, электр жоготуулары азаят.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын энергетикалык тармагын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу – мезгилдин талабы. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жыйыны учурунда билдиргендигин өкмөттөн кабарлашты.

Аталган башкармалыктын төрагасы Айбек Калиев маалымдагандай, учурда жумушчу топ өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууда.

"Концепцияда өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү, электрди ташуу жана аны бөлүштүрүү маселелери чагылдырылышы керек", – деди Жээнбеков.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
Калиев 2018-жылдын ортосунда эки подстанция ишке берилерин айтып, тармактарга күч келүү маселеси чечиле тургандыгын кошумчалады. 

"Өлкө боюнча 400 миң акылдуу эсептегичтерди орнотууну каржылоо үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө республика боюнча 20 миң "акылдуу эсептегич" орнотулган", — деди Калиев.

Ал аталган эсептегичтер орнотулса электр энгергиясынын жоготуулары азаярын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0