ЖК комитети Мүлк фондусуна "Бешинчи каналды" сатууну сунуштады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТелестудия кызматкери. Архивдик сүрөт
Телестудия кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар ЖК отурумун "Пирамида" телеканалы түз алып көрсөтүп жаткандыктан, "Бешинчи каналдын" зарылдыгы жок деп эсептешет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитети "Бешинчи канал" жабык акционердик коомун сатуу сунушун бир добуштан колдоп бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгенин ээси Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы аталган аны парламенттик телеканал кылуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок 25 миллион сомдун инвестициянын зарылдыгынан улам бул ой ишке ашпай калган.

"Учурда "Пирамида" телеканалы бизди түз алып көрсөтүп жатат. Анда "Бешинчи канал" жөнүндөгү мыйзамдын эмне кереги бар? "Пирамида", КТРК, ЭлТР, анан "Бешинчи канал" да бюджеттен каржыланат. Андан көрөкчө аны сатып жиберген пайдалуу да. Жеке жактын колунда болсун", — деди эл өкүлү.

Бекешов комитет мүчөлөрү демилгени бир ооздон колдоп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна "Бешинчи каналды" сатуу тапшырмасы берилгендигин билдирди.

Бирок муну менен бирге эле депутат Маммүлк фондусу сунуштан баш тартышы да мүмкүн экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0