Чүйдө жайыттын ордуна цемент заводун куруу пландалып жатат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЦемент заводу, архивдик сүрөт
Цемент заводу, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул максаттар үчүн Искра айыл аймагынан 22 гектар бөлүп берүү болжолдонууда.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Юстиция министрлиги өкмөттүн сайтына Чүй облусунда цемент заводун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча коомдук талкууга токтом долбоорун киргизди.

Документте Чүй районунун Искра айыл аймагындагы 22 гектар жайыт жерди өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жер категорияга которуу сунушталууда. Мамлекеттик органдар мындай чечимге каршылык көрсөткөн эмес.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 1964-жылдан бери Кант цемент заводу иштеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0