Адистер Кыргызстандагы күйүүчү майдын кымбатташын түшүндүрүп беришти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май сатуучу жай. Архивдик сүрөт
Күйүүчү май сатуучу жай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бензин менен дизель майынын кымбатташы Россиянын нефть өндүрүүчү заводундагы баанын жогорулашына байланыштуу.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрынан тартып өлкөнүн түндүк тарабында Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 0,5 сомго, ал эми дизель майы менен суюлтулган газ бир сомго кымбаттады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бензин менен дизель майынын кымбатташы Россиянын нефть өндүрүүчү заводундагы баанын жогорулашына байланыштуу. Ал жакта күзгү оңдоп-түзөө иштеринен улам өндүрүштүн көлөмү азайып жатат.

"Бул акыркы үч айда күйүүчү-майлоочу майдын биринчи ирет кымбатташы", — деп айтылат билдирүүдө.

Жасалган байкоолор унаа газынын кымбатташы Россияда баанын жогорулашына, Казакстандан импорттун токтотулушуна жана "Жунда" нефть иштетүүчү заводдун убактылуу токтоп турушуна байланыштуу экенин көрсөттү.

 

 

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0