Кыргызстандын кургатылган жемиштери Япониядагы жарманкеге коюлат

© Sputnik / Исмаил МамытовРегионы Кыргызстана. Ошская область
Регионы Кыргызстана. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Asian Food Show — 2016 жарманкесине жаңгак, бал, кургатылган жемиштер тандалып алынган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кургатылган жемиштери Япониядагы Asian Food Show — 2016 жарманкесине коюлат. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалымат кызматы билдирди. 

Аталган демилге БУУнун "Соодага көмөктөшүү" долбоорунун негизинде ишке ашууда. 

"Тандоонун негизинде жаңгак, бал, кургатылган жемиштер тандалып алынган", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган жарманке үстүбүздөгү жылдын 22-октябрь күнү жыйынтыкталат. 

Өткөн жылы Кыргызстан Японияга 117,6 миллион сомдук бал, 39 миллион сомдук кургатылган жемиш экспорттогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0