Премьер бюджеттик чыгаша эмненин эсебинен кыскарганын айтып берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгымдарды кыскартуу бюджеттин тартыштыгына байланыштуу болгон.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бюджеттик чыгашалар 14,9 миллиард сомго кыскарганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүгө караганда чыгымдарды кыскартуу бюджеттин тартыштыгына байланыштуу болгон. 

"Тагыраак айтканда транспорт, иш сапар, байланыш, капиталдык оңдоо чыгымдары жана бюджеттин корголбогон беренелери боюнча чыгымдар кыскартылды", — деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында өкмөт башчы билдирген. 

Мындай кыскартуулар эмгек акы, пенсия, жөлөк пул жана башка төлөмдөргө тиешеси жок экени белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0