Бүгүнтөн тарта Кыргызстанга импорттолгон товарларга коштомо кагаз талап кылынат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМамонтовский таможенный пост Щелковской таможни
Мамонтовский таможенный пост Щелковской таможни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы системага ылайык, импорттоочу Кыргызстандын чек арасына товар жүктөп өтүү үчүн коштомо кагаздын эки нускасын алуусу керек. Мындай нерсе мурдагы талон системасына караганда жеңилирээк экени белгиленет.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга импорттолгон товарларга коштомо кагаз талап кылынат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кирген товарларды мындай жол менен эсепке алуу системасы кыргыз өкмөтүнүн токтому менен күчүнө кирген.

"Товар импорттогон ишкерлер мындан ары коштомо кагаз алууга милдеттүү. Ал эми буга чейин чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайынан толтурулуп келген талондор ушул эле токтом менен жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы системага ылайык, импорттоочу Кыргызстандын чек арасынан товар жүктөп өтүү үчүн коштомо кагаздын эки нускасын алуусу керек. Мындай нерсе мурдагы талон системасына караганда жеңилирээк экени белгиленет.

"Коштомо кагазды мурдагы талон сыяктуу сөзсүз түрдө чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайынан толтуруу зарыл эмес. Импорттоочу бланканы сайттан эле чыгарып алса болот. Мындан тышкары коштомо кагазга товардын баасын көрсөтүү керектелбейт", — деп айтылат маалыматта.

Занятия в общеобразовательной школе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы менчик мектептерди салыктан бошотуу сунушталды
Кыргыз-казак чек арасынан импорттоочу чек ара кызматкерине коштомо кагаздын бир нускасы менен товарды ала турган тараптын салык каттоосу тууралуу справканы тапшыруусу керектелет.

"Чек ара кызматкери эки коштомо кагаздагы маалыматтар менен справканы текшерип жүктү чек арадан өткөрөт. Коштомо кагаз жок болуп чыкса, чек арачы тиешелүү тарапка маалымат берет", — деп ырасталат маалыматта. 

Товар Кыргызстандын аймагына импорттолгондон кийин товарды алган жаран Салык кызматына кайрылып тиешелүү салыктарды төлөөсү талап кылынат.

"Бирок жеке тарапка, жаран өзү колдонушу үчүн алып кирип келе жаткан эң аз өлчөмдөгү товарларга коштомо кагаз талап кылынбайт", — деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагынан чыгарылган товарларга коштомо кагаз талап кылынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0