Кыргызстандагы 2 ветеринардык лабораторияны Россия 138 млн. рублга жабдыйт

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБдин алкагында азык-түлүк продукцияларынын сапаты талапка жооп бериши керек. Ал үчүн Кыргызстан заманбап ветеринардык борборлор менен лабораторияларга муктаж.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы эки негизги ветеринардык лабораторияны Россия 138 миллион рублга жабдый турган болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБдин алкагында азык-түлүк продукцияларынын сапаты талапка жооп бериши керек. Ал үчүн Кыргызстан заманбап ветеринардык борборлор менен лабораторияларга муктаж. Учурда Кыргызстандын бюджетинин эсебинен республикалык жана Оштогу ветеринардык лабораторияларга ремонт иштери жүрүп жатат. 

"Ошол эки лаборатория Россиянын гранттык эсебинен 138 миллион рублга жаңы жабдуулар менен камсыздалат. Бул ушул жылдын акыркы кварталында ишке ашат", — деп Экономика министрлигинен кабарлашты.

2017-жылы Талас, Баткен, Каракол жана Балыкчы шаарларына жаңы төрт лаборатория куруу максатында республикалык бюджеттен 165 миллион сом бөлүнүшү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0