Ключи на фоне национальной валюты Кыргызстана. Архивное фото

Мамлекеттик ипотека: насыяны жалпыга жеткиликтүү кылуунун жолдору айтылды

299
(жаңыланган 13:22 17.11.2016)
КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда жарандардын үй менен камсыздалышы төмөнкү деңгээлде турат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ипотека алуучулардын катарын кеңейтүү пландалып жатат. Тагыраагы, насыяны мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, жеке секторлордо иштегендерге да берүү жолдору каралууда. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө ипотекалык насыяга муктаж адамдардын саны арбын. КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда жарандардын үй менен камсыздалышы төмөнкү деңгээлде турат — бир адамга 12,7 чарчы метр туура келет. Мамипотека компаниясынын маалыматына караганда, 70 миң мугалимдин 18 миңинин өз үйү жок. 

"Учурда берилген 500 насыя жетишсиз. 2020-жылга карата насыя алуучулардын санын 10 миңге жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул өтө амбициялуу план. Бардыгы финансылык ресурстарга байланыштуу болот", — деп билдирди Үсөнакун уулу. 

Анын айтымына караганда учурда ипотекалык насыя бир гана мамлекеттик кызматкерлер үчүн берилип келет. Жеке жактарда иштегендерге да берүү үчүн каражат изделип жатат. Учурда финансылык институттардын бири менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дагы бир жол — бул ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө мыйзам актылары иштелип жатат. Мындай ыкма кошумча кирешенин келишине шарт түзөт. 

Мамлекеттик ипотека үстүбүздөгү жылдын 25-мартында ишке кирген. Анын шарттары төмөнкүдөй болгон: максималдык сумма — 3 миллион сом; үстөк — 12-14 пайыз; төлөө мөөнөтү — 15 жылга чейин; батирдин мүмкүн болгон аянты — 70 чарчы метр, турак үйлөр 150 чарчы метр.

Кийинчерээк шарттар жеңилдетилген. Батирдин чарчы метри 70тен 80ге жогорулаган. Насыяны үй салуу үчүн алууга мүмкүнчүлүк жаралды. Акчалай салым кошо албагандар (үй баасынын 10-30 пайызы) күрөөгө мүлктүн койсо болот. Дагы бир жаңылык болуп — кепилдик берүүчү тарапты жокко чыгаруу болуп эсептелет. Бул маселени банк өзү чечмей болгон.

299
Белгилер:
ипотекалык насыя
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)
Тема боюнча
Жээнбеков ипотекалык насыянын жеңилдетилген программасын бекитти