Россия Кыргызстанга 500 миң АКШ долларын бөлөт

Жазылуу
Каржылык колдоо өлкөнүн өнөр-жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын өнөр-жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга Россия 500 миң АКШ доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр-жайды өнүктүрүү мекемесинин 50-жумушчу отурумунда белгилүү болду. 

Кыргызстан жана Россиянын президенттери кызматташуу маселелерин талкуулашты
Анда Кыргызстандын вице-премьери Олег Панкратов Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуусун талкуулашкан. 

Иш-чаранын алкагында Геннадий Гатилов Кыргызстандын өнөр-жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу үчүн Россия 500 миң доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алганын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0