Кытай мамлекетинин желеги. Архив

Кыргызстан интернетти Кытайдан алуу жолун караштырып жатат

(жаңыланган 19:36 29.11.2016)
Августтун башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттин 3-4 эсеге кымбаттай турганы тууралуу маалымат алган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен жолукканда интернетти КЭРден алып келүү жагын талкуулагандыгын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар мындан сырткары интернетти Кытайдан алуу мүмкүнчүлүктөрүн, КЭРдин элчилигиндеги консулдук бөлүмдүн ишин жаңылоо, кыргыз-кытай фондусун түзүү маселесин да талкуулады.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу менен экстремизм жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү боюнча сүйлөшкөн.

Августтун башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттин 3-4 эсеге кымбаттай турганы тууралуу маалымат алышкан. Ошондон бери КР компаниялары казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Ноябрь айынын башында Байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов Казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 долларлык тариф белгиленген келишимге кол койгонүн билдирген

Ал эми премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернеттин жогорулашы боюнча "Кыргызтелеком" ААКтын жетекчилигинин аракетин иликтөөнү укук коргоо органдарына тапшырган болчу. Башкы прокуратура ага юридикалык баа бериши керек.

Белгилер:
элчи, интернет, Чыныбай Турсунбеков, Кытай
Тема:
Кыргызстандагы интернеттин кымбатташы (25)
Тема боюнча
Интернеттин кымбатташы боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзмөй болду
Ассоциация: Казакстан Кыргызстанга интернетти мурдагы баада сатууга даяр
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Мунай платформасы. Архив

ЖМК: дүйнө жүзү боюнча кампаларда топтолгон мунай запасы түгөндү

(жаңыланган 10:12 19.04.2021)
Маалыматка караганда, запас учурда бир гана Кытайда калды. Алар мунайды нефть иштетүүчү жаңы ишканалар үчүн сактап турат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Пандемия учурунда суроо-талаптын азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунай запасы дээрлик түгөндү. Бул тууралуу Эл аралык энергетика агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, запас учурда бир гана Кытайда калды. Алар мунайды нефть иштетүүчү жаңы ишканалар үчүн сактап турат.

"Февраль айында дүйнө жүзү боюнча топтолгон мунайдын бештен бир бөлүгү гана калган. Андан бери дагы азайды. Калыбына келип жаткан дүйнөлүк экономикада күйүүчү майга суроо-талап өтө жогору болуп жатат", — деп айтылат кабарда.

Өткөн аптада Эл аралык энергетика агенттиги мунайга болгон баа дагы беш пайызга өскөнүн айткан.

Дүйнөлүк рыноктогу баалар Кыргызстанга дагы таасирин тийгизүүдө. Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, апрель айында бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатканын айткан.

Белгилер:
запас, баа, нефть, дүйнө
Тема боюнча
Кыргызстанда акыркы үч күндө бензин дагы кымбаттады
Россияга өтө кымбат мунай пайдалуу эмес. Абалга сереп
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:33 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Абхазиядан алынган унааларга байланыштуу чуу

Кыргызстанда Абхазиядан алынган унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Себеби мындай унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алып келинген. Болжол менен онго жакын машина айып короого токтотулган.
Мындан улам Ала-Тоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери тагылган унаалардын ээлери митингге чыгышты. Алар Республикага буга чейин кирип кеткен автолорду мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Айдоочулар буга чейин эскертүү берилбегенин билдирип, нааразы болушту. Митингчилер унааларын насыяга алгандар бар экенин, айрымдары такси айдап үй-бүлөсүн багарын айтышты.

Өткөн аптада Экономика жана финансы министрлиги абхазиялык номер тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн экенин эскерткен

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн