"Жер-Үйдөн" түшкөн каражатка салына турган 60 мектептин 26сы курулуп бүтө элек

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 27 социалдык маанилүү объектинин курулушун аяктоо пландалган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жыл аягына чейин Жер-Үй алтын кенинен түшкөн каражатка курула турган 60 мектептин 34 объектисинде курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады. 

2016-жылы социалдык мекемелерди куруу иштерине мамлекеттик казынадан эки берененин негизинде акча каражаты бөлүнгөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда - Sputnik Кыргызстан
Келерки жылы калкты таза суу менен камсыздоого 200 млн. сом бөлүнөт
Анын бири республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 27 социалдык маанилүү объектинин курулушун аяктоо зарыл болгон. Учурда алардын 21и соңуна чыкты. Анын ичинде маданият, билим берүү жана саламаттык сактоо объектилери дагы бар. Билим берүү тармагын алсак, 18 мектеп жана ага спорт зал куруу пландалган болсо төртөө соңуна чыга элек. 

Андан сырткары, "Жер-Үй" алтын кенинен түшкөн акча каражатынын эсебинен 60 билим берүү мекемесин жыл аягына чейин колдонууга берүү пландалган. Учурда анын 34ү соңуна чыкты. Алсак Ош облусунда 20 мектептин бирөөндө гана курулуш иштери аяктай элек, калганы бүттү. Баткен облусунда 11 мектеп пландалып, бир мектепте гана курулуш иштери аяктады. Жалал-Абад облусунда 11 мектеп куруу көздөлгөн, азыр алтоосу соңуна чыкты. Ал эми Ысык-Көл менен Таласта экиден жана Нарында алты мектептин курулуш иштери бүтө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0