Өкмөт Кара-Кече кенине ийгиликтүү тендер өткөрүү жолун ойлоп тапты

Жазылуу
Кара-Кече, Миң-Куш көмүр кендерин казуу иштерин жүргүзүүгө, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече ЖЭСи жана темир жол курууга инвестор тандоо боюнча эл аралык сынак жүргүзүлөт. Долбоордун баасы 2,5 миллиард долларга чейин болоору күтүлүүдө.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кара-Кече жана Миң-Куш (Ак-Улак участогу) көмүр кендерин иштетүү боюнча сынак өткөрүүгө кыргыз өкмөтү консалтинг компаниясынын кызматын колдоноорун Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады. 

Өкмөт Кара-Кече, Миң-Куш көмүр кендеринде казуу иштерин жүргүзүүгө, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече ЖЭСи жана темир жол курууга инвестор тандоо боюнча эл аралык сынак жүргүзүүнү пландоодо. Алдын ала маалыматтарга караганда долбоордун баасы 2,5 миллиард долларга чейин болоору күтүлүүдө. 

"Ушул жылдын жаз айларында өкмөт Кара-Кече боюнча сынак жарыялаган. Бирок катышууга каалоочулар болбогондуктан ишке ашпай калган. Анын башкы себеби мурда мындай масштабдагы сынактарды өткөрүү боюнча тажрыйбанын жоктугу болгон. Ошондой эле тобокелчиликтер жана тарифтер боюнча документ болгон эмес. Бул кемчиликтерди эске алуу менен мындай иштерде чоң тажрыйбасы бар консалтинг компанияларынын кызматын колдонуу көздөлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Өкмөттүн маалыматына караганда, эл аралык консалтинг компаниясынын катышы инвестор тандоону болушунча ачык айкын өткөрүп шарт түзүп, мамлекеттин, жергиликтүү элдин жана инвесторлордун кызыкчылыгын коргоп берет. 

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жер-Үйдөн" түшкөн каражатка салына турган 60 мектептин 26сы курулуп бүтө элек
Бейшемби күнү ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында консалтинг компаниясына коюлчу техникалык тапшырма бекитилди. Анда 3 фазадан турган сынактын шарттары жазылган. 

Биринчи фазада компания финансылык баа берүү боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт, сынакты өткөрүү планын түзөт жана инвестициялык келишимди жазып чыгат.

Экинчи фазада инвесторлордун арыздары боюнча консультация берет. 

Үчүнчү фазада компания табылган инвестор менен келишим түзүүгө жана башка документтерди толтурууга жардам берет. 

Консалтинг компаниясы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык тандалып алынат. Анын кызмат акысын толугу менен инвестор төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0