Жалал-Абаддагы спорт залынын курулушун улантууга 11 млн. сом жумшалат

Жазылуу
Тендер 20-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 12-январда аяктайт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү спорт залынын курулушун улантуу үчүн Жалал-Абад облустук башкармалыгы тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, облустук башкармалык курулуш иштерин жүргүзүүгө 10 миллион 965 миң 501 сом сарптоого даяр. 

Тендер 20-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 12-январда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0