Атамбаев менен Роухани экономика, виза жана терроризм боюнча сүйлөшүштү

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР
Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Ирандын президенти Роухани кеңири чөйрөдө жолукту.

БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Иран Кыргызстан менен энергетика тармагы боюнча кызматташууга кызыкдар экенин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кеңейтилген жыйында билдирди. 

Флаг Ирана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Ирандагы порттон жер тилкесин алуу ниетинде
Эске салсак, Ирандын президенти Хасан Роухани учурда Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт. Эки мамлекеттин башчылары алгач тар чөйрөдө жолугуп, андан кийин кеңири чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү. 

Атамбаев тар чөйрөдө соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча пикир алышуу болгонун баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттер ортосундагы виза маселесин жеңилдетүү, кийин таптакыр эле жокко чыгаруу маселеси да каралганын белгилеп, Тышкы иштер министрликтерине бул жаатта бир айдын ичинде сунуш иштеп чыгуу үчүн атайын тапшырма берилгенин кошумчалады. 

"Энергетика тармагында кызматташууга даярбыз. Хасан Роухани да Ирандагы компанияларга тийиштүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле эки мамлекет ортосунда түз аба каттам ачуу керек. Бул өз кезегинде ишкерлер менен туристтердин келишин жеңилдетет", — деди Атамбаев. 

Өз кезегинде Ирандын президенти Роухани Иран Кыргызстанда ГЭСтерди, платиналарды, жолдорду курууда техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле эки мамлекет ортосундагы банк системасы багытында кызматташууга көңүл буруу керектигин айтты.

Роухани Евразиялык экономикалык биримдиги менен кызматташууга да кызыкдар экенин белгилеп, транзит маселесин жолго коюу замандын талабы экенин кошумчалады. 

Эки мамлекет башчылары дүйнөдө болуп жаткан терроризмди катуу сындай тургандыктарын айтышты.

Кеңири чөйрөдөгү жолугушуунун жыйынтыгы менен баңгизатка каршы күрөшүү, саламаттык сактоо, социалдык эмгек чөйрөсүндө, маданият тармагында өз ара кызматташуу жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлду. 

Манас: чалма жана тебетейчен президенттер. Атамбаев менен Роухани жылуу көрүштү - Sputnik Кыргызстан
"Манас": чалма жана тебетейчен президенттер. Атамбаев менен Роухани жылуу көрүштү
Эске салсак, Ирандын президенти Хасан Роухани 22-декабрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алган. 

Иран президентинин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу жана кыргыз-иран бизнес-форумуна катышуусу күтүлүп жатат.

КР Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык байланыштар 1992-жылы 10-майда түзүлгөн. 1993-жылы Бишкек шаарында Ирандын элчилиги ачылса, 1996-жылы март айында Тегеран шаарында Кыргызстандын элчилиги иштей баштаган. Ал эми 2002-жылы Бишкекте эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиле тууралуу декларациягы кол коюлган. 

Акыркы жолу 2015-жылы сентябрда Алмазбек Атамбаев Иранга иш сапар менен барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0