Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 175 млн. долларга 612 долбоорду каржылады

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Российского-Кыргызского фонда развития (РКФР)
Деятельность Российского-Кыргызского фонда развития (РКФР) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыяларды эң көп алган аймак — Бишкек шаары. Каражаттын көпчүлүгү тамак-аш өндүрүү тармагына жумшалат.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 20-декабрга карата алынган маалымат боюнча 612 долбоорду 175 миллион долларга каржылаганы тууралуу фонддун сайтында жазылды. 

Начальник Управления государственного долга Минфин КР Бакыт Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакыт Сыдыков: быйыл мамлекеттик карызды төлөөдөн 600 млн. сом үнөмдөлдү
Аталган фонд Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткан мезгилде өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Анын уставдык капиталы жалпысынан 500 миллион доллардын тегерегинде.

Насыялардын 20 пайызы — тамак-аш өндүрүү тармагындагы ишкерлерге, 18 пайызы — транспорт жана логистика жаатына берилди. Үчүнчү орунда (14 пайыз) курулуш сектору турат. 

Бүгүнкү күндө долбоорлорду каржылоого 175 миллион доллар сарпталды. Кайсы аймакта насыялар эң көп алынганын айтсак, Бишкек биринчи орунда (170), экинчи орунда Жалал-Абад облусу (105). Эң эле төмөн көрсөткүчтөр Талас менен Нарын облустарында (19 жана 24 гана долбоор) катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0