Январь айына карата газдын баасы бир тыйынга кымбаттады

© AFP / BARBARA SAX Отключения газа в Берлине
Отключения газа в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Январь айына карата 1 куб метр газдын баасы калк үчүн 14,48 сом, өнөр-жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын кошкондо 17,75 тыйын деп белгиленди. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы билдирди.

Строительство БАМа-2 в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Россия менен Белоруссиядан темир жол аркылуу КРге жүк ташуу арзандайт
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин "Калк үчүн жаратылыш газынын тарифи жөнүндөгү" буйругуна ылайык, газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат.

2016-жылдын 31-декабрга карата доллардын курсу 69, 23 сом деп белгиленди.

Белгилей кетсек, декабрда көгүлтүр оттун баасы калк үчүн 14,47 сом, өнөр-жай ишканалары үчүн 17,75 сом болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0