КРде аңчылык кылган чет элдиктерден казынага 58 млн. сом түшкөн

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүТаксидермист Сергей Суховерхов из Тверской области
Таксидермист Сергей Суховерхов из Тверской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга аңчылык кылууга 32 өлкөдөн 442 аңчы келген.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Чет элдик жарандарга Кыргызстандан аңчылык кылууга уруксат берүүнүн аркасында 2016-жылы мамлекеттик казынага 58 миллион сомдон ашык акча түшкөн. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Жизнь села Литковка Омской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргоол атам деген аңчы айыпка жыгылды
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүктөр 2016-жылдын январь, февраль айларында 12 баш кулжага, 48 баш тоо текеге жана 9 баш карышкырга аңчылык кылып 8 миллион 895 сом төлөшкөн. Август айынан жылдын соңуна чейин 65 баш кулжа, 283 баш тоо теке, алты баш элик жана сегиз баш карышкыр атуудан 49 миллион 360 миң сом түшкөн.

Жалпысынан чет элдик аңчыларлардан былтыр 58 миллион 255 миң сом киреше түшкөн. 

Бир жылда өлкө аймагында аңчылык кылууга 32 өлкөдөн 442 аңчы келген. Алардын көпчүлүгү АКШ, Россия жана Германиядан келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0