Кыргыз-орус фонду 175 млн. доллар жеңилдетилген насыя берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу акча каражаттар жана паспорт. Архив
Столдогу акча каражаттар жана паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган фонддун ишмердигин активдештирүү керектигин айтып, ишкерлерди узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргыз-орус фонду 637 долбоорду ишке ашыруу үчүн 175 млн. доллар жеңилдетилген насыя бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Нефть ташуучу эшелон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстанга мунай жеткирүү жөнүндө келишимди ратификациялады
Кыргыз-орус фонду ишкерлерге үч миллион долларга чейин жеңилдетилген насыя берет. Бул насыяларды РСК Банк жана "Айыл банк" аркылуу алууга болот. Учурда "Кыргызстан" жана БТА Банк аркылуу берүү маселеси да каралууда.

Артыкчылык берилген тармактар агроөндүрүш комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү, тоо-кенди иштетүү, металлургия, транспорт инфраструктурасы, туризм жана медицина тармагы экенин экономика министри Арзыбек Кожошев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал эми өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган фонддун ишмердигин активдештирүү керектигин айтып, ишкерлерди узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0