"Кыргызалтын" ишканасы 20 млн. сомго жүк ташуучу унааларды сатып алат

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кениндеги жүк ташуучу унаалар. Архив
Алтын кениндеги жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 30-январда жарыяланып, мөөнөтү 20-февралда аяктайт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жүктөрдү өзү түшүрүүчү алты унаа менен минивэн сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, жогоруда аталган жети унааны сатып алуу үчүн "Кыргызалтын" 19 миллион 938 миң сом сарптоого даяр.

Тендер 30-январда жарыяланып, мөөнөтү 20-февралда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0