"Газпром Кыргызстан" абоненттердин туумдарын жоюу боюнча акция жарыялады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТоржественная церемония открытия административного здания филиала "Бишкекгаз" ОсОО "Газпром Кыргызстан"
Торжественная церемония открытия административного здания филиала Бишкекгаз ОсОО Газпром Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от үчүн негизги карызын толук төлөгөн абоненттердин 1-февралга чейинки туумдары 100 пайыз кечирилет.

БИШКЕК, 01-Фев. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы туумдарды жоюу боюнча акция жарыялаганын компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Отключение газа в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Февралда газдын баасы эки тыйынга арзандады
Маалыматка караганда, акция жеке жактар үчүн гана жарыяланган. Эгер абонент 2017-жылдын 31-мартына чейин негизги карыздарын толук төлөп бүтсө, 1-февралга чейинки туумдары 100 пайыз кечирилет.

Ал эми төлөнө элек карыздары үчүн көгүлтүр от берилбей калган абоненттер акцияга катышуу үчүн "Бишкекгазга" арыз менен кайрылуулары керек.

Төлөнө турчу каражаттын көлөмүн билүү үчүн "Бишкекгазга" 0312 68-07-07 номери аркылуу байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0