Дизайнерлер 200 сомдогу Алыкул Осмоновдун чалыр болуп калганын айтышты

© Фото / Алимджан ВалиевЖаңы 200 сомдук купюра. Архив
Жаңы 200 сомдук купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Графикалык дизайнер Никита Тарасенко менен биринчи кыргыз сомунун автору Дмитрий Лысогоров жаңы 200 сомдогу Алыкул Осмонов чалыр болуп калганын белгилешти.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жаңы 200 сомду иштеп чыккан Улуттук банктын дизайнерлери коомдун пикирин жана сунуштарын эске албай, жыйынтыгында сомдогу акындын көзү чалыр болуп калганын графикалык дизайнер Никита Тарасенко Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде баса белгиледи.

© Фото / пресс-служба Национального банка КРIV сериядагы жаңы 200 сом
Банкнота IV серии номиналом 200 сомов  - Sputnik Кыргызстан
IV сериядагы жаңы 200 сом

Буга чейин Алыкул Осмновдун жаңы 200 сомдогу сүрөтү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, интернет колдонуучулар акын чалыр болуп калганын айтышкан. Бирок Улуттук банк акындын 2010-жылдагы банкнотко чыккан сүрөтү дал ошондой эле колдонулганын билдирген

Жаңы 200 сомдуктар 2017-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө чыккан. Тарасенконун пикиринде жаңы 200 сомдун үстүнөн иштегендер өз ишине көңүл кош мамиле жасашкан.

"Бул тууралуу Facebook баракчама жазганда банктын кызматкери күнөөсүн моюнга алгандын ордуна мага карата сын айтып туруп алды. Бул жерде улуттук валюта тууралуу сөз болуп жатат. Мен графикалык сүрөт тартып жаңы сүрөттүн кемчиликтерин дароо көргөздүм. Купюраны жакшыртканы жакшы деңизчи, ошентсе деле Осмоновдун сүрөтүнө көңүл буруп, жакшы тартышы керек болчу", — деди Тарасенко.

Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлгөн жаңы 200 сом боюнча өзүнүн пикирин биринчи кыргыз сомунун автору Дмитрий Лысогоров дагы билдирип, акындын көзү бир аз чалыр болуп калганын айтты. Сомдун мындай болуп калганын Лысогоров купюра кол менен оюлуп жасалгандыгы менен түшүндүрдү.

"Иш чынында чеберчилик менен жасалган, бирок айрым мүчүлүштүктөр бар. Эгер мага айтышпаса мен деле байкабай калмакмын. Эми бул аны жасаган кишинин катасы. Акындын сүрөтүнөн көчүрүлгөн портретте да бул көйгөй бар. Ал эми художник аны ого бетер бузуп салган. Эми бул өтө деле коркунучтуу эмес, бул көйгөйдү банк дагы билет", — деди ал.

Лысогоров бул маселени Улуттук банктын кызматкерлери кийинки тиражда оңдойт деп ишенерин кошумчалады.

© Фото / Алимджан ВалиевТүрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттордогу сүрөттөр акындын ушул портретинен тартылган
Түрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттордогу сүрөттөр акындын ушул портретинен тартылган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттордогу сүрөттөр акындын ушул портретинен тартылган
© Фото / Алимджан ВалиевТүрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттор
Түрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттор - Sputnik Кыргызстан
2/2
Түрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттор
1/2
Түрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттордогу сүрөттөр акындын ушул портретинен тартылган
2/2
Түрдүү жылдары чыгарылган 200 сом номиналындагы банкноттор

Ал ортодо Улуттук банктын маалымат кызматы жаңыланган төртүнчү сериядагы купюралардагы портреттер кол менен оюлуп жасалгандыктан "даана, тунук" көрүлүп калгандыгын белгиледи.

"Улуттук валютадагы портреттерге эч кандай өзгөртүү киргизилген эмес. Банкноттун жасалгасы 2008-жылы эле Улуттук валютанын эскиздерин тандоо комиссиясынын чечими менен бекитилген", — деп маалымат кызматы билдирди.

Көмүскөдөгү кыргыз сому. Улуттук валютанын эскиздери
Ал эми кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев эгер бул катачылык кызматкердин айынан болсо алар чыгарылган бардык тиражды өз каражаттарынан кайта бастырып чыгарышы керектигин айтты.

"Алыкул Осмонов өз замандаштарынын ичинен чыгаан гений болгон. Ал чоң талант жана анын чыгармалары менен Кыргызстандын көптөгөн жазуучулары тарбияланды. Анын сүрөтүн акчага чалыр кылып тарткандар кийинки тиражда аны оңдоп тартышы керек", — деди Жакиев.

Жаңы үлгүдөгү банкноттор 2017-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө чыккан.

Материал орус тилинен которулду>>

Жаңылыктар түрмөгү
0