Өкмөт башчы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен аз соода кылып калганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пункту. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Ак-Жол өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон интеграциясы жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиги менен болгон соода-сатыгы 2016-жылы 16,7 пайызга төмөндөп, 1 миллиард 743 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бейшемби күнү парламентте Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүндөгү маселелер боюнча өкмөттүк саат өттү. Жээнбеков интеграциянын жыйынтыктары, чечилбеген көйгөйлөр жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди.

"ЕАЭБге киргенден тарта уюмга мүчө мамлекеттердин сырткы соодасынын көлөм көрсөткүчтөрү төмөндөгөн. Былтыр 11 айда экспорт 8 пайызга кыскарып, 317 миллион доллардан бир аз ашты. Ошондой эле импорт 18,5 пайызга азайып, 1 миллиард 426 миллион долларды түздү", — деди Жээнбеков.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл ЕАЭБдин органдарында Кыргызстан төрагалык кылат
Анын айтымында, импорттун азайышына эт азыктарын алып кирүү 3,2 эсе, транспорт каражаттары 1,7 эсе жана фармацевтикалык товарлар 31,2 пайызга азайганы таасир берген.

Ошол эле учурда өкмөт башчы ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекеттерден келген товарлардын көлөмү өскөнүн баса белгиледи. Кытайдан келген товарлар бир жарым эсе, АКШдан 1,3 эсе жана Түркиядан келген товарлар 12,2 эсеге көбөйгөн.

Жээнбеков ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорттун кыскарышы 8,1 пайызды түзгөн. Мындай көрсөткүчкө үч нерсе таасир бергенин белгиледи. Алар:

  • дүйнөдөгү мунайга болгон баанын кескин төмөндөшү;
  • жалпы сатып алуучулук жөндөмдүүлүктүн кыскарышы;
  • кыргыз сомуна караганда башка өлкөлөрдүн валюталары кескин түрдө девальвацияланышы ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түшүрдү.

Жээнбеков ошондой эле чечилбей жаткан айрым маселелерди айтып, алардын биринчи сабында кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл экенин белгиледи.

2017-жылдын август айынан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин техникалык регламентине өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0