Кыргызстандын булуң-бурчунда "Экспорт кербени" өтөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДеятельность фермерского хозяйства "Рустамбек" в селе Масы Ноокенского района
Деятельность фермерского хозяйства Рустамбек в селе Масы Ноокенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 21-февралда башталып 20-мартка чейин созулмакчы.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда ата-мекендик өндүрүүчүлөргө товарларды туура экспорттоону үйрөтүү максатында "Экспорт кербени" аттуу иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, иш-чара 21-февралда башталып 20-мартка чейин созулмакчы.

"Экспорт кербендин негизги максаты ата-мекендик өндүрүүчүлөргө экспорттун шарттары жана пайдасы түшүндүрүлүп, сырткы базарга өлкөдө өндүрүлгөн товарларды туура алып чыгуунун жолдору каралат. Мындан сырткары, алардын муктаждыктарын билип, товарларын сырткы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү жолдору сунушталат", — деп жазылат маалыматта.

Бул иш-чарага сүт, эт, жашылча-жемиш жана тигүү тармагында иштеген бардык ишкерлер катыша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0