Кыргызстан Иранга 350 тоннадан ашык эт сатууну пландап жатат

Жазылуу
Бүгүнкү күнү экспорттолгон эттин жалпы көлөмү 150 тоннага жетет.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 2017-жылы кыргызстандык ишкерлер Иранга 350 тоннадан ашык эт экспорттоого камынып жатышат. Бул тууралуу Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү экспорттолгон эттин жалпы көлөмү 150 тоннага жетет.

"Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн Инвестиция жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиги атамекендик товарды Иран ислам республикасына жөнөтүү боюнча активдүү аракеттерди көрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча былтыр июль айынан тарта кой этин Иранга экспорттоо башталган. Ошондой эле Ирандын ветеринардык кызматынын эки өкүлү Бишкекке келип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0