Кыргызстан 2016-жылы эң көп өндүргөн 5 продукция

© Екатерина ИващенкоНават — полезный кристаллизованный сахар
Нават — полезный кристаллизованный сахар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет кайсы азык-түлүк өндүрүшүндө чыныгы өсүш байкалганын аныктады. Фермерлерге баракелде!

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын азык-түлүк өндүрүшү 2016-жыл ичинде канчалык өнүккөнүн Улуттук статистикалык комитет аныктады.

Буга ылайык Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жылда кайсы продукциялар көп өндүрүлгөнү боюнча рейтинг түздү.

Кумшекер. Таттуу шекерди өндүрүү бир жыл ичинде үч эсеге өскөн!

Жууган май. 2016-жылы сүт азыктарын иштеткен заводдор иштөө темпин күчөткөн окшойт — өндүрүштүн көлөмү бир жарым эсеге өсүптүр.

Сыр. Бул сүт продукциясынын көлөмү 20 пайызга көбөйгөн.

Эт. Фермерлердин талыкпас эмгегинин арты менен – 16 пайызга өскөн.

Торт. 2016-жылы таттуу азыктар мурдагыга салыштырмалуу 10 пайызга көп жасалган.

Статистикага караганда, айрым өндүрүш тармагында кыскаруулар дагы байкалган. Мисалы сүт беш пайызга азайса, тамеки тармагы жети эсеге кыскарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0