Балыкчы — Корумду жолун салган куруучулардын айлыгын төлөө үчүн 96 млн. сом бөлүндү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРемонт дорог в Омске
Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик дебитордук жана кредиттик карыздарды аныктоо жана былтыр жасалган иштердин инвентаризациясы жүргүзүлгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Корумду жолун салган куруучулардын айлыгын төлөө үчүн 95 миллион 965 миң 72 сом бөлүндү. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Автомобили застращавшие на трассе Бишкек - Ош из-за сошедших лавин - Sputnik Кыргызстан
Айдоочулардын айынан Бишкек — Ош жолундагы ири тыгын пайда болду
Жолду курган "Лонг Хай" ЖЧКсынын жумушчулары үч айдан бери айлык-акысын ала албай жатканын айтышкан. Өз кезегинде Транспорт министрлиги карыздарды төлөө үчүн каражат табыларын маалымдаган.

Өлкө үчүн маанилүү болгон жолду курууга 600 жумушчу тартылган. Анын 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болгон.

Министрлик өз кезегинде дебитордук жана кредиттик карыздарды аныктоо жана былтыр жасалган иштердин инвентаризациясы жүргүзүлгөнүн билдирди.

"Бул кадимки эле өндүрүштүк иш жана подрядчик компанияны алмаштыруу боюнча ой да болгон эмес. Тескерисинче Балыкчы — Корумду автожолун тез арада бүтүрүү маселеси турат", — деп транспорт министрлиги маалымдады.

Быйыл биринчи иштер былтыр бүтпөй калган аймакта башталат жана туристтик сезон башталганга чейин асфальт төшөө иштери аяктап калат деп министрлик ишендирди.

Учурда Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду авто жолунун 23-чакырымынан 38-чакырымына чейин жана 83-чакырымдан 92-чакырымга чейин топурак төшөө, көпүрө жана куурларды коюу иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0