Атамбаев ишкерлерди текшерүүнү азайтуу керектигин белгиледи

Жазылуу
2011-жылы 44 миң 202 текшерүү болсо, 2016-жылы болгону 15 миң 849 текшерүү жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Канатбек Муратбековду кабыл алып, социалдык жана өнөр-жай имараттарын куруу учурунда тийиштүү нормалардын сакталышы боюнча маалыматтарды укту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер Чолпон Султанбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Султанбекова: элдин жашоосун жакшыртуу үчүн ишкердикке шарт түзөлү
Муратбеков текшерүүлөрдүн саны үч эсе азайып, ишкерлерге жана инвестицияга жакшы шарт түзүлүп жатканын айтты. Мисалы 2011-жылы 44 миң 202 текшерүү болсо, 2016-жылы болгону 15 миң 849 текшерүү жүргүзүлгөн.

Атамбаев экономиканы туруктуу өнүктүрүү менен коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды эффективдүү аткаруу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле текшерүүлөрдүн азайышы ишкерлер менен жарандарга жакшы шарт түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0