Атамбаев: жыл аягына чейин ЕАЭБдеги тоскоолдуктар алынат деп ишенем

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүОфициальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию
Официальный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө өз салымын кошорун баса белгиледи.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев РФ президенти Владимир Путин менен жолукканда жыл аягына чейин ЕАЭБдеги тоскоолдуктар алынат деп ишенерин билдирди.

Атамбаев өз сөзүндө иш сапар Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгынын алдында болуп жатканы да символикалуу экенин белгилеп, тараптар стратегиялык өнөктөш экенин айтты.

"Адаптация учурундагы оор мезгилде берген жардам үчүн ырахмат айтам. Россия президентинин саясий эркинин аркасы менен Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондусу түзүлдү. Ошондой эле техникалык жардам катары 200 миллион доллар бөлүү чечими кабыл алынды. Жыл аягына чейин ЕАЭБге толук укуктуу болуп кирүү боюнча бардык тоскоолдуктар алынат деп ишенем", — деди Атамбаев.

Ал өз сөзүндө бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошорун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0