Жогорку Кеңеш 560 миң сомго дарбаза сатып алат

Жазылуу
Тендер 3-мартта жарыяланган. Негизинен эки дарбаза алуу пландалып жатат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар порталында Жогорку Кеңеш темирден жасалган эки дарбазаны 560 миң сомго сатып алуу боюнча тендер жарыялады.

Тендер бүгүн жарыяланган. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бабур Исаевдин айтымында, дарбазалар жер төлөгө орнотулат.

"Тендер жарыяланганга чейин анын өлчөмүн, баасын чыгарып андан кийин гана порталга маалымат жарыялайбыз. Бул каражаттын ичине эски дарбазаны алуу, жаңысын алып келип коюунун бардык чыгымдары кирген", — деди Исаев.

Тендерге катышууну каалагандар 4-апрелге чейин арыздарын берсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0