Кыргызстандагы алгачкы биофабрика апрелде ишке берилет

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКүнөскана. Архив
Күнөскана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы алгачкы типтүү биологиялык фабрика апрель айында иштей баштай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы алгачкы типтүү биологиялык фабрика апрель айында иштей баштай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Курулуш иштери 15-апрелге чейин бүтүп, дароо ишке берилет. Алгач фабрикада 15 адам иштейт, бирок үч жыл ичинде 40 киши жумуш менен камсыз болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, аталган объекттин курулушу 2016-жылдын октябрь айында башталган. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 14 миллион сом сарпталды.

Баткен регионалдык биофабрикасы — айыл чарба өсүмдүктөрүн оорудан жана зыянкечтерден коргой турган экологиялык жактан таза биопрепараттарды чыгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0