Татьяна Валовая: Кыргызстан экономикалык өсүү жагынан лидерлик позицияда

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга ЕАЭБ мамлекеттеринен келген инвестициянын саны акыркы жылдары өсүп, жалпылап караганда 12ден 40 пайызга жетти.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүүдө көп нерсеге жетишкендиги тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая журналисттерге билдирди.

"Кыргызстан — экономикасы өсүүсү боюнча биримдик ичинде лидерлик кылууда. Былтыр ИДПсы 3,8 пайызга өстү. Ошондой эле ЕАЭБде сооданын көлөмү төмөндөп кеткенде Кыргызстанда 4,4 пайызга жогорулады", — деди Валовая.

Анын айтымында республикага ЕАЭБ мамлекеттеринен келген инвестициянын саны акыркы жылдары өсүп, жалпылап караганда 12ден 40 пайызга жетти.

7-мартта Бишкекте Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Ага Кыргызстан төрагалык кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0