Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Акенеев: КМШ өлкөлөрүнүн рыногу КРдин айыл чарба продукциясына кызыкдар

© Sputnik / Табылды КадырбековТеплица бизнесмена Тилека Токтогазиева
Теплица бизнесмена Тилека Токтогазиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-мартта Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин 73-жыйыны өткөнү жатат. Анда өлкөлөр ортосундагы кызматташуу дагы талкууланат.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) рыногуна Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына болгон талап жогорулап жаткандыгын экономика илиминин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык күн тартиби" аталышындагы видео байланыш учурунда билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика илиминин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда
Доктор экономических наук Жумакадыр Акенеев - Sputnik Кыргызстан
Экономика илиминин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда

17-мартта Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин 73-жыйыны өткөнү жатат. Анда КМШнын радионавигациялык программалары талкууланат.

Акенеевдин айтымында, Кыргызстан жыйындан кийин аткарылчу иштерге өз салымын кошо алат.

"Дүйнөлүк аренада "жашыл экономиканы" өнүктүрүү маселеси турат. Буга байланыштуу Кыргызстан экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүгө басым жасоодо. Өлкөнүн айыл чарба продукциясына болгон талап чет өлкөдө өсүп жатат", — деди Акенеев.

Ал ошондой эле Кыргызстанда 46 күнөскана курулуп жатканын белгилеп, КМШ өлкөлөрүнүн рыногу кыргыз продукциясына муктаж экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0