Кыргызстанда чет өлкөдөн келген унаалардын сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды

Жазылуу
ЕАЭБдин талабы боюнча Кыргызстанда чет өлкөдөн келген унаалардын сапаты текшериле баштады.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте жеке компания чет өлкөлөрдөн алынып келген унааларды каттоодон өткөрө баштады. Бул үчүн сыноочу лаборатория ачылган. Каттоо — бул унаалардын сапатын текшерүү дегенди түшүндүрөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономика министрлигинин техникалык регламент жана метрология башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шабданов билдирди.

Кыргызстанга унаалар кайдан келет: машина импортунун тарыхы
Соцтармактарда ушул жылдын 11-февралында айдоочулар унаа каттоого киргизилген өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун билдиришкен. Жаңы шарттар боюнча унааларды каттоону Мамкаттоо кызматы сыноочу лаборатория берген документ менен гана жүргүзөт.

Шабдановдун айтымында, "Кыргыз Техосмотр" ЖЧКсына тиешелүү алгачкы лаборатория өз ишин 13-мартта баштап, унааларга коопсуздугу боюнча күбөлүктөрдү бере баштады.

"Ушул сыяктуу борборлорду Ош шаарында дагы ачуу пландалган. Бирок азырынча бир дагы компания иштешүү тилегин билдире элек. 2016-жылы Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн 200дөй унаа алынып келген. Быйыл каттоонун баасы кымбаттап кеткендиктен, андан да аз унаа келиши мүмкүн. Ошондуктан, мындай борборлорду көбөйтүүнүн азырынча зарылчылыгы жок", — деди Шабданов.

Аталган борбор Көк-Жар айылында Мадиев №2 дарегинде жайгашкан. Экинчи лаборатория жакын арада ачылышы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0