Кыргызстандын армиясы үчүн Кытай 1 млрд. сом грант бермей болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын армиясынын жоокерлери парад учурунда. Архив
Кыргызстандын армиясынын жоокерлери парад учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишим Кыргызстандын Генералдык штабынын жетекчиси менен Кытайдын коргоо министринин жолугушуусунда макулдашылды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы Кытайдын Коргоо имнистрлиги менен 100 миллион юань (расмий курс менен 1 миллиард сом) алуу боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Келишим бүгүн, 22-март күнү, Генштаб жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевдин Кытайга болгон сапарынын алкагында түзүлдү.

"Делегациялар эки тараптуу кызматташуунун өнүгүп жатканын белгилеп, мындан аркы алаканы чыңдоого даярдыгына токтолушту. Сапардын жыйынтыгы менен Генштабга жардам катары 100 миллион юань берүү боюнча макулдашууга кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Өнөктөштүктөн сырткары тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы иш-аракеттер, анын ичинен экстремизмге каршы туруу жана аскер кадрларын даярдоо маселелери талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0