Акенеев: Кыргызстан Европа рыногун өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбековэкономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн видекөпүрө учурунда
экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн видекөпүрө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта республика Европага бал, жаңгак жана сүт азыгын экспорттойт.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан Европа рыногун өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдаланбай жатат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн видекөпүрөдө билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн.

"Бүгүнкү күнү Кыргызстан Европага болгону бал, жаңгак жана сүт азыктарын экспорттоо менен чектелүүдө. Бир жыл мурда бизге артыкчылык берилген, бирок аны жакшы пайдаланбай жатабыз. Кыргызстандын айыл чарба продукциясы экологиялык жактан таза. Мисалы, топоздун эти Европа рыногунда жакшы бааланмак. Ал жакта табигый таза азыктардын наркы эки эсе кымбат", — деди ал.

Эксперт республика өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, Европа рыногунун муктаждыгын жаратуу зарыл деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0