"Айыл Банк" "Вефа" борборуна көчпөй калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айыл Банк" жайгашкан имарат. Архив
Айыл Банк жайгашкан имарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айыл банк" жакында "Вефа" борборуна көчүп, анын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясы келери маалымдалган болчу.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Айыл Банк" жайгашкан имараттын (Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 50) ижара мөөнөтүн өкмөт үч жылга узартып, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Рабочий красит фасад здания банка. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Айыл банк" жаңы кеңсесинин ижарасына 21 млн. сом төлөмөкчү. Ысырапкорчулукпу же...
Мындай чечим "Айыл Банк" ААКтын техникалык-материалдык базасын колдоо үчүн жасалып жатканы айтылат. Ошондой эле бул мөөнөт аралыгында банк аталган имаратта бекер турат.

Белгилей кетсек, мамлекетке караштуу "Айыл банк" ачык акционердик коому жакынкы аралыкта "Вефа" борборуна көчүп, анын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясы келери маалымдалган. 

"Айыл банктын" жаңы имаратынын ижарасы айына 25 миң доллар экени айтылып, бул коомчулуктун жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын сын-пикирин жараткан. "Вефа" борборуна көчкөн банк 10-апрелден тарта иштеп баштамак.

Жаңылыктар түрмөгү
0