Байкоочу кеңеш: өкмөттүн жемкорлук менен күрөшүү планы жыйынтык бербей жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба с коррупцией в госорганах КР
Борьба с коррупцией в госорганах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өкмөттүн жемкорлук менен күрөшүү планы 70 пайызга гана аткарылды. Бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөгөнүн коомдук байкоочу кеңештин башчысы белгилөөдө.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өкмөттүн жемкорлук менен күрөшүү планы жыйынтык бербей жатат. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин жетекчиси Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болгон жыйында билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин жетекчиси Айбар Султангазиев
Представитель общественного совета Министерства здравоохранения Айбар Султангазиев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин жетекчиси Айбар Султангазиев

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер 2014-жылы түзүлгөн.

Өкмөттүн жемкорлук менен күрөшүү планы 2015-жылы бекитилип, коррупциянын алдын алууга багытталган.

"Ооруканага келген бейтап коррупциянын деңгээли азайганын сезеби деп дайыма суроо берем. Өкмөттүн жемкорлукка каршы күрөшүү планынын 70 пайыз пункту аткарылды. Аны адамдар сезип жатабы? Менин баамымда бул план абдан жакшы, бирок тажрыйба жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок. Коррупция үчүн кимдир-бирөө жоопко тартылыш керек, бирок андай нерселер өтө сейрек кездешет", — деди Султангазиев.

Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңеши коррупция менен күрөшүү үчүн жаңы план иштеп чыкканын, бирок ал ишке ашырыла электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0