Балыкчы шаарында Оберон ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды

Балыкчыда 4,5 млн. долларлык жер-жемиш сактаган ири кампа ачылды

209
(жаңыланган 15:21 30.03.2017)
Насыя иретинде бөлүнгөн каражатка имарат курулуп, тийиштүү жабдыктар сатып алынды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарында "Оберон" ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди.

  • Балыкчы шаарында Оберон ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды
    Балыкчы шаарында "Оберон" ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды
    © Фото / пресс-служба РКФР
  • Аталган долбоорду эки коммерциялык банк каржылап, аны салууга 4 миллион 450 миң доллар жумшалган
    Аталган долбоорду эки коммерциялык банк каржылап, аны салууга 4 миллион 450 миң доллар жумшалган
    © Фото / пресс-служба РКФР
  • Насыя акысына имарат курулуп, кампага 2400 тонна жемиш бата турган музтакыч өңдүү керектүү жабдуулар сатып алынган.
    Насыя акысына имарат курулуп, кампага 2400 тонна жемиш бата турган музтакыч өңдүү керектүү жабдуулар сатып алынган.
    © Фото / пресс-служба РКФР
1 / 3
© Фото / пресс-служба РКФР
Балыкчы шаарында "Оберон" ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды

Аталган долбоорду эки коммерциялык банк каржылап, аны салууга 4 миллион 450 миң доллар жумшалган.

Насыя акысына имарат курулуп, кампага 2400 тонна жемиш бата турган муздаткыч өңдүү керектүү жабдуулар сатып алынган.

ULO системасы жер-жемиштердин сапатын кетирбей 270 күнгө чейин сактап тура алат. Мындай технология жемиштерди чет өлкөгө импорттого мүмкүнчүлүк түзүп берет.

"Аталган кампанын Ысык-Көл облусуна курулганынын себеби бул облустагы алма, алмуруттар даамы, сапаты жана экологиялык жактан табигыйлыгы менен айырмаланып турат. Өнөр жай муздаткычтарын жеткирүү жана монтаждоо келишими Россия–Германиянын Plattenhardt + Wirth GmbH компаниясы менен түзүлгөн. Жабдык евростандартка туура келет", — деп түшүндүрдү аталган фонд.

18 ай ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 213 миллион долларга 682 долбоорду каржылаган.

209
Белгилер:
кампа, борбор, жашылча-жемиш, курулуш
Тема боюнча
Кулматов: саясатка кызыккан эмесмин. Азыркы максат — ишкерлерге жардам берүү
Малды идентификациялоо ишине 40 миллион сом жумшалды
Акенеев: КМШ өлкөлөрүнүн рыногу КРдин айыл чарба продукциясына кызыкдар
Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

200
(жаңыланган 02:05 30.05.2020)
Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Денежные переводы в страны СНГ в 2019 году
© Sputnik
КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Аналитик группы компаний Финам Алексей Коренев
"Финам" компаниясынын серепчиси Алексей Коренев
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Директор системы Золотая Корона – Денежные переводы Иван Ситнов на VI ежегодной церемонии вручения премии Банк года по версии портала banki.ru в Lotte Hotel Moscow.
© Sputnik / Валерий Левитин
"Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.

200
Белгилер:
орун, иш, атаандаштык, Акча которуулар, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

876
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

876
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында тургундар нааразычылыкка чыкты. Видео

0
(жаңыланган 14:22 31.05.2020)
Буга чейин Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалып жатканы айтылган.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасынын жанында жашаган 60ка жакын киши медициналык мекемеде коронавируска кабылгандардын дарылануусуна нааразылыгын билдирип чыкты.

Кечээ Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан бейтаптарды №6 шаардык клиникалык ооруканасына, Фтизиатрия улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасына жаткырарын билдирген.

Жашоочулардын айтымында, жарандардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок. Райондо калк жыш жайгашкандыктан вирус тез жайылып кетиши мүмкүн деп коркуп жатканын билдиришти.

Митингге чыккандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев сүйлөштү. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине ооруканада мурда COVID-19 диагнозу аныкталган жарандар дарылана турганын ырастаган. Учурда ал тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Министрдин орун басарынын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин тобокелчиликтерди алдын ала караштырган. Ошондой эле коронавирус менен ооруган адамдар бул жерде бир ай убакыт гана жайгаша турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
коронавирус, нааразычылык акциясы, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн