"Жер-Үй" кенинин инфраструктурасын куруу апрелдин ортосунан башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗолоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө баштапкы баасы 100 миллион доллар болгон аукцион жарыяланган. Аны 2015-жылдын май айында "Восток-геолдобыча" ачык акционердик коому утуп чыккан.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Жер-Үй" алтын кенинин инфраструктурасынын курулуш иши апрель айынын ортосунда башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 31-мартта Талас облусунда инвесторлор жергиликтүү бийлик жана тургундар менен кезиккен. Анда алар Бек-Молдо айыл өкмөтүндө жайгашкан алтын кенин иштетүү маселесин талкуулаган.

Буга чейин "Альянс Алтын" компаниясынын ("Русская платина" компаниялар тобундагы) инвестору аталган алтын кенин 2018-жылы иштете тургандыгы кабарланган.

"Калдыктарды сактоочу жайды жана алтын иштетүүчү фабриканы куруу долбоору 2017-жылдын август айына чейин узартылат", — деп кабарланат билдирүүдө.

Ал эми жергиликтүү тургундар арасында "Жер-Үйдү" иштетүү боюнча түшүндүү иштери улантылат. "Жер-Үй" Кыргызстандагы "Кумтөрдөн" кийинки эң ири алтын кени. Азыркы маалда анын запасы бир нече категорияга бөлүнгөн: С1 — 75,141 тонна, С2 — 5,774 тонна жана эсептен тышкары дагы 16,161 тонна алтын бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0