"Ташкент — Бишкек — Алматы" газ түтүгү. Курулуштун II этабы аяктоо алдында турат

© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан".Газ түтүгүн орнотуу. Архив
Газ түтүгүн орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган магистралдык газ түтүктөрүнүн Кыргызстандын газ тармагындагы ролу абдан чоң.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Бухара газ аймагы — Ташкент — Бишкек — Алматы" магистралдык газ түтүгүн ширетүү иштери аяктоо алдында турганын "Газпром-Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган магистралдык газ түтүктөрүнүн Кыргызстандын газ тармагындагы ролу абдан чоң", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле бул долбоор Борбор Азия региону үчүн дагы маанилүү экени айтылды. Ал аркылуу Кыргызстандын түндүк аймактары жана Казакстандын түштүк облустары көгүлтүр от менен камсыз болот.

В ближайшее время в Бишкеке будет проложено 300 километров газопровода - Sputnik Кыргызстан
Ош шаары газ менен 2020-жылга чейин толук камсыз болот
Түтүктү куруу иштери кыргыз-казак чек арасынан "Сокулук" компрессордук станциясына чейинки тилкеде жүргүзүлдү. Түтүктүн аталган бөлүгүнүн өндүрүмдүүлүгү жылына 1,7 миллиард куб газды түзөт.

Бул бөлүктүн ишке кириши менен "Бухара газ аймагы — Ташкент — Бишкек — Алматы" магистралдык газ түтүгүнүн Кыргызстандын аймагындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсеге көбөйөт.

2014-жылы "Газпром" жана "Кыргызгаз" ишканалары сатуу-сатып алуу тууралуу келишимге кол коюп, ишкана "Газпром — Кыргызстан" деп аталган. "Газпром — Кыргызстан" Кыргызстанга жаратылыш газын импорттогон жападан жалгыз компания болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0