Сауд Аравия Кыргызстандын товарларын алууга дилгир

© Sputnik / Исмаил МамытовБазар. Архив
Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Сауд Аравиясына товар киргизүүгө укуктуу, болгону сапат сертификаты болушу зарыл.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Сауд Аравия өлкөсүнө товар экспорттой турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды тезинен киргизүү боюнча КР менен Сауд Аравия падышачылыгы (САК) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат кызматы билдирди.

3-4-апрель күндөрү Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Сауд Аравия падышачылыгына болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Азык-түлүк жана медикаменттер башкы башкармалыгынын жетекчиси Хишам бин Саад Аль-Жадий менен жолугушту.

"Соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү максатында тараптар Кыргызстанды аталган өлкөгө товар экспорттой турган мамлекеттердин тизмесине тезинен киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жетекчи Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, болгону экспорттой турган товарлардын сапат сертификаты болушу керектигин кошумчалады", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргыз тарап ишкерлик жаатында дагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0