Премьер-министр Жээнбеков көпчүлүк коалициясына отчет берет

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга ылайык, жыл сайын өкмөт башчы 15-майга чейин өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдагы өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчетун парламенттеги көпчүлүк коалициясынын кароосуна берет.

Мыйзамга ылайык, жыл сайын өкмөт башчы 15-майга чейин өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет.

Отчеттогу маалыматка караганда, 2016-жылда экономика 3,8 пайызга өскөн.

"Былтыр экспорттун өсүшү 5,1 пайызга жетти.  Мындай көрсөткүчкө Европа биримдигине экспортчулар өз товарларын салыксыз киргизүүгө шарт түзгөн ВСП+ (Артыкчылыктардын жалпы тутумунун схемасы) статусу себепкер болду. Европа биримдигине товар экспорттоонун саны былтыр 2015-жылга салыштырмалуу 44,3 пайызга же 72,3 миллион долларга өстү", — деп отчетто жазылганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ошондой эле документте Орус-кыргыз өнүгүү фонду жалпы суммасы 202 миллион доллардык 647 долбоорду канааттандырганы айтылды.

Сооронбай Жээнбековдун бир жыл аралыгындагы жетишкендиктери жана эмнелерге көңүл буруу керектигине Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0